Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бүгүн үч шаарда шайлоо тилкесинен тыш добуш берүү жүрүп жатат

10.07.2021 15:02
663
Бүгүн үч шаарда шайлоо тилкесинен тыш добуш берүү жүрүп жатат

Бүгүн, 10-июлда 2021-жылы 11-июлга белгиленген Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, мындан мурда 3 миң 992 шайлоочу шайлоого шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүүгө арыз беришкен.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2 миң 602 добуш берүүчү, Ош АШК – 1 миң 168, Токмок АШК – 222 шайлоочу чапма ящик менен добуш беришет.


Бишкек шаарында добуш берүү үчүн жайлардан тышкары арыздар 228 шайлоо тилкесинин 183үнө берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн