Бугу 16, 2024
Убакыт: 00:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бүгүн жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

10.05.2023 13:42
346
Бүгүн жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүн, 10-майда Кыргызстандын Улуттук банкы 200, 500 жана 1000 сомдук номиналындагы банкноттордун 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу  Улуттук банктын маалымат кызматы билдирет.



Маалыматка ылайык, жаңы сериядагы банкноттор улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат.


“Аталган банкноттор жогорку деңгээлдеги коргоо элементтеринен турат. Андагы Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруусу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү дагы өзгөрүүсүз калды",- деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн