Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бүгүндөн тарта Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

20.06.2024 09:04
147
Бүгүндөн тарта Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат


Учурда Байтик баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 20-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Горький жана Бөкөнбаев көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Ошондой эле Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаев көчөсү менен кесилиши да жабылат.

Белгилей кетсек, учурда аталган көчөнүн Токтомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт басылып, жол чийиндери чийилип бүттү.

Бишкек шаарынын мэриясы жол жабылганына байланыштуу коомдук транспорттун кыймылы кандай өзгөргөнү тууралуу кошумча маалымат берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн