Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бүгүндөн тарта Бишкектин кээ бир райондорунда суу маал-маалы менен берилет

01.06.2023 13:04
349
Бүгүндөн тарта Бишкектин кээ бир райондорунда суу маал-маалы менен берилет


Бүгүн, 1-июндан тарта, Бишкектин айланасындагы айылдар менен жаңы конуштарга суу маал-маалы менен гана берилет. "Бишкек суу каналы" мындай көрүнүш кырдаал жакшырганга чейин уланарын билдирди.

Арча-Бешик конушунда суу (Садырбаев, Семетей көчөлөрү, Орок айылын карай жол, Ахунбаевдин ортосу) саат 15.00дөн 22.00гө чейин гана берилет.

Селекция, 105-контур, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарында саат 06.00дөн 12.00гө чейин берилет.

Эске салсак, бул аймактардын жашоочулары буга чейин эле суу аз келип жатканын же таптакыр келбей калганын айтып жатышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн