Бүгүндөн тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эң аз пенсия былтыр 6 миң 900 сом болсо, быйыл 7 миң 200 сомду түзөт.
“Пенсиялык эсептөөлөр учурда толугу менен бүтүп, 10-октябрдан баштап жаңы эсеп менен пенсияларды төлөөгө даярбыз. Өлкөдөгү пенсия алуучулардын саны 1-сентябрга карата 813 миң 401 жаранды түздү. Бул жерде жалаң гана улгайган адамдар эмес бага турган адамын жоготкондор, майыптыгы боюнча пенсия алгандар бар”,- деди Жуматаева.
Социалдык фондунун төрагасынын орун басары күндөн күнгө пенсия алуучулардын саны көбөйүп жатканын маалымдады.
“Жалпы курак өзгөргөн жок. Айымдар үчүн пенсия курагы 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш белгиленген. Пенсияга эрте чыгуу шарттарынын каралышы менен пенсионерлердин саны көбөйдү. Эгер айымдардын эмгек стажы 35 жыл болсо, 55 жаштан пенсияга чыкса болот эле. Мырзалардын 40 жыл эмгек стажы болсо, 60 жаштан пенсияга чыкса болмок. Бирок, пенсияга чыгуу менен иштеп, эмгектенип жүргөндөр көп болгон. Белгилүү болгондой, мамлекеттик кызматкерлер 65 жашка чейин эмгектенсе болот. Ошондуктан пенсия да алып, эмгек акы да алышып, пенсия алуучулардын саны көбөйүп, бюджетке дагы оорчулугу жаралган. Ошондуктан жалпы курак 58 жаш менен 63 жашка белгиленип, эрте пенсияга чыгуу курактарын алып салдык”,- деди ал.
Ошондой эле эми төмөнкү пенсиялар кеминде 600 сомго көбөйүп, жогорку пенсиялар 5 миң сомдон ашык көтөрүлбөй турганы кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн