Бүгүн, 1-июндан тарта Түркияга кирүүдө милдеттүү түрдө ПЧР-тест тапшыруу жоюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындан ары Түркияга кирүүдө коронавирустун жоктугун аныктаган тест талап кылынбайт.
Түркия буга чейин милдеттүү түрдө беткап тагуу режимин жокко чыгарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн