20-сентябрдан тарта кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда жарылбай калган миналар менен ок-дарыларды аныктоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Бул иш-чаралар Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдары менен макулдашылган. Мындай аймактар курчоого алынат.
КР Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн