Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:25
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Бүгүндөн тарта коронавируска каршы эмдөөнүн массалык акциясы башталды

Бүгүндөн тарта коронавируска каршы эмдөөнүн массалык акциясы башталды

Калкты массалык эмдөө боюнча чараларды күчөтүү жана COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 1-сентябрынан 10-сентябрына чейин калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча масштабдуу акцияны жарыялайт. Вакцинанын тартыштыгы жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди. 

 

 «Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70% эмделиши керек. Биздин стратегиялык милдетибиз-Кыргызстанды кызыл аймактан чыгаруу жана ар бир офисти, кварталды, районду, регионду жана бүтүндөй республиканы COVID-19 инфекциясынын коркунучу минималдуу болгон коопсуз "жашыл зонага" өткөрүү болуп саналат. Ошого байланыштуу, министрлик мурда "Кыргызстан - жашыл аймак" интерактивдүү картасын ишке киргизген, анда 70% эмдөөдөн өткөн кызматкерлер картага өздөрүн белгилеп, стикер ала алышат», - деп билдирди Бакыт Джангазиев.  

 

Ал белгилегендей, 1-сентябрга карата республика боюнча 18 жаштан улуу адамдарды камтыган максаттуу топтун (тышкы эмгек мигранттарын кошпогондо) вакцинанын биринчи дозасы менен 681 078ден ашык адам , же 29%ы алган, ошол эле учурда 445231 адам, же 19%, эмдөөнүн толук курсун өтүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн