Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бүгүнкү элге жасаганыңды эртеңки шайлоодо колко кылба

05.07.2020 13:08
1367
Бүгүнкү элге жасаганыңды эртеңки шайлоодо колко кылба

 

Коронавирус тумоосунун күн өткөн сайын күчөп баратканы баарыбызды санаага салууда. Учурда өлкөбүз боюнча 7377 адам ушул каргашалуу тумоого кабылса, андан каза болгондордун саны 88ге жетти. Бүгүн эле 383 жараныбыз чалдыкканы айтылууда. Биздеги абалга бүтүндөй дүйнө да көз салып турганы белгилүү. Кыргызстан, Казакстанда коронавирус пандемиясы күч алганын белгилеген Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму эки коңшу мамлекетти вирус тез жайылып бараткан дүйнөдөгү кооптуу 30 мамлекеттин катарына кошту.

 

Коронавирус Кыргызстандын экономикасын да эңшерип кетти. премьер-министр Кубатбек Боронов быйылкы жылы бюджет таңсыктыгы 30 млрд. сомду түзө турганын ачык айтты. Мындан тышкары каржы министри Бактыгүл Жээнбаева донорлордон бюджетти колдоо үчүн 291 млн. доллар келип түшкөнүн, бул каражаттар ачык-айкын жумшалаарын жана катуу көзөмөлдө болоорун билдирди. Башкача айтканда бюджеттин деле жарасы табылчудай.


Эң өкүнүчтүүсү каратып туруп жарандарыбызды коронавирустун суук чеңгелине алдырып коюп жатканыбыз. Бул орду толгус жоготуулар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. ­Өзгөчө акыркы күндөрдөгү оорунун жайылып баратышы элибизди үрпөйтүп койду.


Элдин элдиги, улуттун улуулугу ушундай оор күндөрдө билинет. Бишкек шаарында коронавирустун өсүшүнө байланыштуу аймактардагы дарыгерлерибиз өз ыктыярлары менен жардам берүүгө киришсе, чет жерде иштеген дарыгер мекендештерибиз да үн кошууда. Айталы, Москва, Санкт-Петербург шаарларында, Ленинград облусунда иштеп жаткан дарыгерлерибиздин тобу кийинки жумада Бишкекке келип калышаарын Санкт-Петербург шаарында иштеп жаткан, хирург Эльзар Токтоназаров ЖМКларга билдирди.


Ошондой эле карантин мезгилинде да, азыркы курч кырдаалда да  көптөгөн жеке ишкерлердин, элдик демилгечилердин, саясатчылардын бул оору менен күрөшүүдө кол сунуп жатышын, элибиздин кыйындыкта бир-бирин колдогон байыркы салты десек да болот.


Олуттууларын айтсак, ЖК депутаты Марлен Маматалиев медициналык кызматкерлерди ташып жеткирүүчү Элдик штаб түзгөнүн, ал эми депутат Мирлан Жээнчороев Бишкектин мейманканаларынын биринде 40 орундуу оорукана ачып, анда 5 врач, 15 медайым иштей турганын, кеткен чыгымды экс-саясатчы, эмки бизнесмен Өмүрбек Бабанов каржылай турганын айтып чыкты. Ө.Бабанов мындан тышкары медициналык кызматкерлерибизге 3 млн.сом бере турганы да белгилүү болду. Ошондой эле бир катар саясатчылар, жеке ишкерлер учурда жетишпей жаткан ооруканаларды уюштуруп, медициналык жабдуулар, ИГЛ аппараттары менен камсыз кылып жатышкандыктары тууралуу социалдык тармактарда кызуу сөз болуп жатат. 


Жеке ишкерлер, саясатчылар тарабынан мындай аракеттердин болуп жатышы баарыбызды кубандырат жана кандай айтсак да мактоого татыктуу. Бир гана нерсе бар. Бул алдыдагы парламентке шайлоолор. Бүгүнкү элге колун сунуп жаткандардын көпчүлүгү шайлоого бара турганын эске алсак, алардын азыркы жасап жаткан жакшылыктары шайлоодогу үгүт иштеринде “көзүр” болбошу керек. Ушуну эстерине алып коюшса.


“Мен коронавируста элге муну кылып койдум” деп айтып жүрүшсө, анда эле абийирлеринин кеткени. Муну менен алардын элге сунган колун кагып жатканыбыз жок. Антүүгө акыбыз да жок. Тескерисинче, ушундай инсандарыбыз көп болсо, элибиз «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ушул апааттан чыгып кетсек» дегенде эки көзүбүз төрт болуп турат. Ал эми жакшылык жерде калбайт, болгону аны эби келген жерде (айрыкча саясатта) милдет кылуу салтыбызга да жарашпаган көрүнүш.


Балким бул сөздөрдү айтпайт деле болчубуз. Атын айтпай эле коелу кайсы бир партиянын тизмесинде шайлоого бараткан белгилүү эле саясатчы карантин учурунда айылына барып жакшы жардам берип келгенин, шайлоодо алардын добуштары чөнтөгүндө экендигин мантая отуруп айтып бергени көп ойлорго салган эле.


Айтмакчы, премьер-министр К.Боронов шайлоого кетчү чыгымдарды коронавируска жумшагыла деген чакырык таштады. Туура эле. Эмнеси бар экен, мындай аракетибиз менен бүгүнкү күндөгү төркүн-төсү билинип калган медицина тармагыбызды чыңдап алсак жаманбы?!


Ал эми эл баарын байкап турат. Саясатчылар оңго басса да, солго басса да элдин назарында. Бир сөз менен эл үчүн жасалган иштерди, аны жасагандар эмес, элдин айтканы туура.  


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн