Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бүгүнкү күндө 140 миң жаран эмдөөнүн биринчи дозасын алган

Бүгүнкү күндө 140 миң жаран эмдөөнүн биринчи дозасын алган


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова билдиргендей, ушул жылдын март айында Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган Sinopharm вакцинасы келип, калкты массалык түрдө эмдөө башталган.  

 

Андан кийин калкты вакцина менен камсыздоо үчүн, КР Министрлер Кабинети, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен аталган вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишип, анын жыйынтыгында 11-июлда атайын борт менен 1 миллион 250 миң доза вакцина алынып келинген. Алардын ичинен 1 миллион 100 миң дозасы коммерциялык негизде (эки дозалуу) жана 150 000 (бир дозалуу) гуманитардык жардам катары келген. Алынып келинген вакциналар эмдөөгө болгон суроо-талапты узак убакытка чейин камсыздайт, андыктан вакцина жетпей калуусу мүмкүн эмес. Ар бир жаран жакындарынын алдында жоопкерчиликтүү болуп, эмдөөдөн өтүүсү зарыл.  

 

 Бүгүнкү күндө, биринчи доза менен 140 922 адам эмделсе, экинчи доза менен 84 147 адам эмдөөдөн өткөн.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн