Бүгүнкү күндө легитимдүү бийлик - президент жана парламент. Мындай маалыматты 8-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов КТРКнын эфиринде билдирди.
“Президент эч кандай өз арызын жазган жок ошондуктан президенттин бийлиги толугу менен легитимдүү. Ошондой эле бүгүнкү күндө баарыбыз күбө болгондой эле парламенттин өзгөчө чоң роль ойноп жатканын көрүп жатабыз” - деп билдирди акыйкатчы.
Мамытов премьер-министрликке талапкер болуп жаткан тараптар 15 күн ичинде өкмөттүн толук курамын Жогорку Кеңешке сунуштоосу керек деген оюн да билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн