Бүгүн, 29-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27…32;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн