Бүгүн, 21-июлда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;
Талас облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 27…32;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн