Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бүгүнкү күнгө күтүлгөн аба ырайы туурасында маалымат

16.04.2020 08:35
1304
Бүгүнкү күнгө күтүлгөн аба ырайы туурасында маалымат


Бүгүн, 16-апрелде Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет борбору.


Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.​


Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;


Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;


Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;


Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;


Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус болот.


Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 14…16 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн