Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бүгүнтөн баштап милиция Бишкекте күчөтүлгөн тартипте иштейт

30.03.2020 09:38
443
Бүгүнтөн баштап милиция Бишкекте күчөтүлгөн тартипте иштейт

 

Бүгүн, 30-марттан баштап Бишкек шаарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын комендантты Алмазбек Орозалиев айтты.


Орозалиев элдерди карантиндин эрежелерин сактоого чакырды.


“Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Тургундарды дарыканага же ооруканага барган учурларда гана чыгууга чакырам”, - деди Орозалиев.


Анын айтуусуна караганда Бишкек шаарында 400 патрулдук унаа кыдырууга чыгат. Карантиндин эрежесин бузгандарга катуу чаралар көрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн