Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бүгүнтөн тарта Бишкекте коомдук транспорт кадимки тартипте иштеп баштады

01.09.2020 09:30
1016
Бүгүнтөн тарта Бишкекте коомдук транспорт кадимки тартипте иштеп баштады


Бүгүн, 1-сентябрдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорт кадимки тартипте жүрүп баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, автобус, троллейбус жана маршруткалар кадимки режимде иштеп, эртеден кечке чейин белгиленген тартипте шаар тургундарына кызмат көрсөтөт.


"Санитардык нормаларды сактап, беткап тагынуу керектигин эске салабыз. Коомдук унаалардын ичинде антисептикалык каражаттар коюлуп, нымдуу чүпүрөк менен сүртүлүп турат жана дезинфекцияланат. Жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарда "Тулпар" картасы менен төлөм жүргүзө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Замира
Необходимо срочно полностью ввести тулпар карточки. Возле водителей, зачастую стоит очередь за сдачей. И почему до сих пор не снабжены микрофонами или аудиосистемами по обьявлению остановок? В городе очень много приезжих, они не знают остановки. Пора внедрить камфорт для пассажиров. Иначе за что платить? Хватит ходить на поводу маршруток. Пора от них избавиться полностью.