Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бул чыр-чатакка Эмомали Рахмон гана кызыкдар

30.04.2021 22:46
600
Бул чыр-чатакка Эмомали Рахмон гана кызыкдар


Бул сүрөттө  1997-жылдын май айындан  Рахмонов менен Абдулло Нури  саясий келишимге кол коюп жаткан учуру тартылыптыр... Бул келишимге ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Президенти Акаевдин ортомчулдугу аркылуу жетишилгени тарыхый факт. Мына ошол келишимдин негизинде Рахмонов өз бийлигин сактап калып, кийин келишимдин шартына карабастан оппозцицияны бүтүндөй бийликтен сүрүп чыгып, жеке бийлик орнотуп алганын көрүп-билип эле турдук да. Азыр болсо өз бийлигин мурас катары уулуна өткөрүп берүү аракетинде. Балким мына ошол бийлик өткөрүү процессин жылма өткөрүү үчүн, ички оппозициянын үнүн басуу үчүн ага азыр сырткы согуш суудай керек болуп жатышы да ыктымал, муну да четке кагууга болбойт. Кандай болгон күндө дагы согушту ал жак каалап, от тутантып жатканына азыр дүнөлүк коомчулук күбө. 


Ал эми жогорку фото-сүрөткө кайрыла турган болсок,  ошол 1997-жылы Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө кыйыр түрдө мен дагы катышып калдым. Анткени ал учурда Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы болчумун. Мага ал жакка Азрети Муфтий Абдусатар ажынын алып келүү тапшырылды. Көрсө Абдусатар ажы мурда Тажикстанда жашап, ал жакта чоң аалым катары таанымал болгондуктан  Тажик оппозициясынын жетекчилери Абдулло Нури менен Тураджан Заделер таанышат экен, анын илимин сыйлашат экен. Ошентип мен Азрети Муфтий Абдусатар ажыны алып такай резиденцияда болуп турдум, сүйлөшүүлөрдүн танаписинде биз тажик оппозиция лидерлерине жолугуп, ал жай сурашып,  ал жерде шарият жолунда тынчтык болуусу шарт экени айтылып, аларды келишимге келүүгө чакырып жаттык. Тилекке жараша чынында эле сүйлөшүүнүн экинчи күнүндө эки тарап бир дастарконго отурууга макул болуп, анан саясий келишимге кол коюлду.


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн