Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бул илдеттен тез айыгуу кыйын экен, дагы деле ал жок, - Камчыбек Ташиев

20.07.2020 11:28
1361
Бул илдеттен тез айыгуу кыйын экен, дагы деле ал жок, - Камчыбек Ташиев


Бул илдеттен тез айыгып, бутуңа туруп кетүү өтө кыйын экен. Дагы деле ал жок, күч жок, деп билдирди Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген маегинде.


“Азыр мен акырындан өзүмө келип жатам. Бул оору өтө жаман экенин өз көзүм менен көрдүм, ошондуктан бул илдеттин алдын алуу керек экен. Элге кайрыларым, оору башталганда эле дарыгерлерге кайрылуу зарыл. Дарылоонун ар түрдүү ыкмасына көңүл бура бербестен, дароо дарыгерге кайрылуу туура экен. Себеби, мен командировкада 2-3 күн жүрүп, 6-7 күн үйдө жатып калдым. Ошондон улам илдетти жеңип чыгышым кыйын болду”, - деди Ташиев.


Мамлекеттеги оор абалды түшүнүп турганын айткан саясатчы ооруканаларда орун жоктугунан улам 3 күн бейтапканаларга кире албай калганын билдирди.


Биринчи күнү ЮРФАГА”бардым, ал жерде орун жок үйгө кетип калдым, экинчи күнү Улуттук госпиталга барсам эшиктерин чынжырлап байлап алган. Кезек көп, эч кимди кабыл албай койду. Эптеп келинчегимди жаткырышты. Мен үйгө жатып калдым. Үчүнчү күнү “Гансиге” бардым келинчегим менен чогу. Шарты жакшы эмес экен ал жерде. Бирок, келинчегимди таштап, мен кайра үйгө кетүүгө аргасыз болдум. Ошентип 4-5 күн кечигип жүрүп анан жаттым. Дарыланбай жүрүп кала турган болсо, оор кесепеттерге алып келе турганын өз башымдан өткөрдүм”, - деди Камчыбек Ташиев.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн