Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бул жолу кызды сүзүп алган. Иса Өмүркуловдун уулу кайрадан жол кырсыгына кабылды (видео)

16.05.2021 20:29
1049
Бул жолу кызды сүзүп алган. Иса Өмүркуловдун уулу кайрадан жол кырсыгына кабылды (видео)

Депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев унаасы менен велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кетти. Маалыматты милициянын Бишкек шаардык кайгуул кызматынан тастыкташты.


Белгилүү болгондой, кырсык борбор калаанын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз ооруканага жеткирилди.


2011-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунан ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн