Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу кыздуу болду. Бул тууралуу спортчу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.
"Кызым 3 килограмм 300 грамм төрөлдү. Учурда келинчегимдин абалы жакшы, дарыгерлер да эпидемиялык абалга карабай жакшы карап жатышат. Учурда ат коё элекпиз, буга чейин тандаган эки ысым бар, ошонун бирөөсүн ыйгарабыз", - деди Бусурманкул Абдибаит уулу.
Белгилей кетсек, спортчу өткөн жылы апрель айында уулду болуп, ага Халид деп ысым койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн