Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бутун кокустатып алды. Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

22.04.2022 17:23
828
Бутун кокустатып алды. Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Мелдештин чейрек финалында Тыныбекова 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзулга каршы чыгып, өзүнүн бутка кирүү ыкмасы менен атаандашын 7:3 эсебинде жеңип кетти. Кийин кармашы өзбекстандык Набира Есенбаева менен болду. Айсулуу башында эле атаандашынын бутуна кирип, далысын жерге басып, ишенимдүү түрдө финалга өттү.


Финалда япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыкты. Кармаштын экинчи бөлүгүндө Тыныбекова бутун алдырып, тогуз упайдан кур калды. Нонока Одзаки ал ыкманы жасап жатканда Айсулуу бутун кокустатып, күрөштү уланта алган жок. Жеңиш япон спортчуга ооду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн