Кээде жеңил жол менен келип калган баалуулуктун баркын билүү кыйын болуп калат. СССРдин ыдыроосунун натыйжасында колубузга тийип калган көз карандысыздык, суверендүүлүктүн баркына 29 жылдан бери жетпей келатабыз. Мурда дайым Москвадан түз келген буйрукту аткарып көнгөн жаныбыз өзүбүздү өзүбүз кантип башкарып кетиштин жолун дагы деле табалбай убарабыз. Дагы деле кылчактап караганыбыз Москва…
Ага кошул-ташыл Батыштын саясатын таңуулаган күчтөр пайда болгон. Кыргызстан жаңыдан гана эмчектен чыккан баладай болуп, кайсыл тараптан кандай жылуу сөз, камкордук көрөт экенмин деген абалдан чыга албай келди. Ал ортодо билим берүү тармагыбыз, саламаттыкты сактоо, деги эле баардык тармактар өсүү-өнүгүү болмок турсун, тескерисинче процесс артын көздөй жүткүнүп отурду. Жыйынтыгы бүгүнкү коом, бүгүнкү элита, бүгүнкү саясат болуп турат.
5-октябрдын кечинде башталып, бир нече күнгө созулган акыркы окуяны карап отуруп, тамга таанып, экиге экини кошконду үйрөнүп алгандардын баары эле өзүн президент, болбоду дегенде премьер-министрдин кызматынан көргүсү келе турганын түшүндүк. Ашынган беймаал, өзүмчүл, билимсиз, маданиятсыз, тилинен заар чыккан адамдар өздөрүнүн алдын-ала даярдалган тарапташтарынын арты менен мамлекетибизди дагы бир жолу жардан алыс түртүп жиберүү аракетин жасашты.
29 жыл мурун биздин, кыргыз элинин колуна Кудайдан кут катары эгемендүүлүк берилген. Жеке өзүбүзгө тиешелүү мамлекетти куруп, аны гүлдөтүп өнүктүрүү, улут катары өзүбүздү өзүбүз сактап калуу мүмкүнчүлүгү берилген. Биз ошол кутту кандай пайдаланып жатабыз?
Өз мамлекетин куруу, анын тарыхын түзүү ар бир эле элдин бактысына бериле бербейт. Дүйнөдө кыргыздарга салыштырмалуу саны жагынан бир топ көп уйгур, күрд сыяктуу элдер бар, бирок өздөрүнүн улуттук мамлекети жок. Жер шарындагы көптөгөн элдерге салыштырмалуу биз өз эркиндигибиз үчүн узак жылдап улуттук-боштондук согуштарын жүргүзгөн жокпуз. Ал эми мамлекети жок улуттар эркиндиктин, көз карандысыздыктын, улуттук мамлекеттүүлүктүн баасы кандай экенин эң сонун билишет. Тилекке каршы, биз ошондой кутту колубузга кармап туруп барктабай жатабыз.
Эмне кылуу керек? Мындай учурда бийлик мамлекеттик кризистен чыгып кетүү үчүн баарыбызды биригүүгө чакырып, элге кайрылуу жасашы керек. Ар бир жарандын, мекендешибиздин жүроөгүнө жете тургандай, улуттук өзүн-өзү сактоо инстинктин ойгото тургандай болушу шарт. Бизге бирдиктүү, бүтүн Кыргызстан керек. Адабияттын, маданияттын өкүлдөрүнүн айттар сөздөрү бул күндөрү өтө маанилүү жана алардын чыгармачылыгын мамлекет коомду тарбиялоого, жаштарды, келечек муунду тарбиялоого пайдалана турган учур келди. Негизи башынан пайдаланыш керек эле. Пайдаланбагандын кесепетин көрүп жатабыз.
Билим берүү системасына ар кайсыл өлкөнүн, ар кандай эл аралык уюмдардын долбоорлорун алып келип чаптай бербей, бирдиктүү система түзүү зарыл. Жөн эле тест тапшырып, даяр жоопторду тоголоктоп кое бергендин натыйжасы билимсиздикке, түркөйлүккө алып келерин көрдүк. Бактылуу коомду куруу үчүн татыктуу тарбияны, татыктуу билим берүүнү биринчи орунга коюш керек экенин бүгүнкү учур далилдеди.
Эң негизгиси бүгүнкү күндө баарыбыз мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу өтө маанилүү экенин жүрөгүбүз менен сезе билели. Аны талкалап алып, анан кайра курат элек деп убаралануу ондогон кылымдарды талап кылып коюушу мүмкүн. Эсибизге келели.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн