Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Бутуна тапанча менен аткан. Караколдо шаардык кеңештин депутаты кармалды

17.04.2022 08:53
687
Бутуна тапанча менен аткан. Караколдо шаардык кеңештин депутаты кармалды

Караколдо бейбаштык кылган шаардык кеңештин депутатынын милдетин аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-апрелинде 19 жаштагы жергиликтүү тургун А.А. ошол эле жылдын 7-апрелинде саат 03:00 чамасында шаардагы түнкү клубдардын биринде мурда тааныш болгон "Чуба" жана "Дани" аттуу эки жигит эч себепсиз сабап кетишкенин билдирген. Жабырлануучунун айтымында, "Чуба" каймана аттуу жигит бут жагына ок чыгарып, коркуткан. Ошол эле маалда "Дани" каймана атту жигит муунтуп, сабап денесине залал келтирген.


Аталган факты Каракол шаардык милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш иши козголгон.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал 27 жаштагы Каракол шаардык кеңешинин «Бирге» партиясынан депутаты "К.М." болуп чыккан.


Кылмышка шектүү "К.М." аттуу жарандын жеке унаасын тинтүү учурунда. белгисиз маркадагы тапанча, жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын тастыктаган маалымкат алынды. Алынган куралдын маркасын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.


Шектүү К.М күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн