Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бүтүндөй Европа кыйрайт. Зеленский Запорожск АЭСтеги өрткө байланыштуу чукул кайрылуу жасады

04.03.2022 09:33
1229
Бүтүндөй Европа кыйрайт. Зеленский Запорожск АЭСтеги өрткө байланыштуу чукул кайрылуу жасады

Украина президенти Владимир Зеленский бүгүн, 4-мартта чукул кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.


Зеленский өзүнүн кайрылуусунда Запорожск атомдук электр станциясындагы өрт бүтүндөй дүйнөнүн  коопсуздугуна доо кетирерин белгиледи.


"Украина территориясында 15 атомдук энергоблок бар. Эгер алар жарылып кетсе, бүтүндөй Европа кыйрайт. 

Чернобыль катастрофасы кандай каргашалуу болгонун билебиз. Бул андан дагы кыйратуучу.

Мен бүт дүйнөгө кайрылам, кайдыгер карабай ок атууну токтотуу керек",- деди Зеленский.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн