Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жалпы республикалык тест тапшырууга 117 борбор даярдалды

20.06.2020 13:23
1406
Жалпы республикалык тест тапшырууга 117 борбор даярдалды


Быйылкы бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөдө 21-июнда негизги тестти, ал эми 23-июнда предметтик сабактар боюнча тестти тапшырышат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, тестирлөөнү өткөрүү үчүн 117 борбор даярдалып, санитардык талаптар катуу көзөмөлдөнөт.


Министр белгилегендей, республикалык тестирлөө 24-25-июнда 2 этап менен өткөрүлөт. Ар кандай себептерге байланыштуу каттоого жана тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар 11-12-июлда катыша алышат. Ал эми тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот. 


Бул жылы ЖРТга катышуу үчүн 41 727 абитуриент каттоодон өткөн. 


“Жогоруда аталган борборлордо даярдык иштери аяктоодо. Тестирлөөнү өткөрүүдө санитардык- эпидемиологиялык ченемдер, окуучулардын арасында социалдык аралык сакталып, алардын дене табы текшерилип турат”, - деп кошумчалады Исаков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн