Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Буудай өндүрүүчү ишкерлерге 800 млн сом жеңилдетилген насыя каралган

23.03.2020 14:38
750
Буудай өндүрүүчү ишкерлерге 800 млн сом жеңилдетилген насыя каралган


Кыргызстандын Материалдык резервдер фонду тарабынан кошумча азык-түлүктөрүн сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдер түзүлүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 23-мартта өкмөттөгү брифингде билдирди.


Анын айтымында, ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 630 млн сом кошумча бөлүнүп берилди.


Өндүрүүчүлөр жана кампа ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аймактарга жана соода тармактарына негизги азык-түлүк запастарын жеткирүүнү ишке ашырып жатышат.


Ал кошумчалагандай, Казакстан, Өзбекстанда товар ташуу үзгүлтүккө учураган жок жана азык-түлүктүн запасы жеткиликтүү болот. Мындан тышкары алардын бааларына мониторинг жүргүзүү күчөтүлүп жатат.


Ошондой эле, Матрезерв тарабынан кошумча буудай жана ун азыктарын сатып алуу боюнча дагы иш пландар аткарылып жатат.


Буудай өндүрүүчү атамекендик ишкерлерге 800 млн сом жеңилдетилген насыялар каралганын вице-премьер-министр кошумчалап кетти.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн