Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Буудай өндүрүүчүлөргө 800 млн сом насыя катары 8 пайыз менен берилген

14.05.2020 17:12
2059
Буудай өндүрүүчүлөргө 800 млн сом насыя катары 8 пайыз менен берилген


Айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында ата мекендик өндүрүш компанияларына жана кайра иштетүү ишканаларына колдоо көрсөтүү максатында 800 млн сом бөлүнгөн.  

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, бул каражаттар насыялык негизде берилген жана мөөнөтү өтө кыска, 10 айлык убакытка 8 пайыз менен таратылган.  

“Биз бул чечимди март айында ун жетишпей ажиотаж болуп кеткен маалда жана буудай кирбей калган учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында шашылыш кабыл алганбыз. Бул акчалардын бардыгы жыл аягына чейин төлөнүп бүтүшү керек”, - деди вице-премьер.

Депутат Тазабек Икрамов бул насыяларды акчасы бар бай адамдар гана алып жатканын белгилеп өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн