Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Буюмдарды жогорулатылган баада сатып алуу боюнча "Альфа Телекомдун" директорунун мурдагы орун басары кармалды

10.03.2023 11:09
239
Буюмдарды жогорулатылган баада сатып алуу боюнча "Альфа Телекомдун" директорунун мурдагы орун басары кармалды

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды.


Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.


Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.


Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн