Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бюджетке 52 млн сом түшпөй калган. Салык кызматынын кызматкери кармалды

Бюджетке 52 млн сом түшпөй калган. Салык кызматынын кызматкери кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген документтерди жасалмалаган.


Тактап айтканда, Н.С. аттуу салык кызматкери жасалма документтерди жасап, жаранды жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 млн 870 миң сомду түзөт.


25-январда Н.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн