Бүгүнкү күндө бюджетте абдан чоң жоготуулар болуп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев КТРКга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жылдын башынан баштап кыргыз-кытай чек арасы жабылып калып, Кытай тараптан көп импорт кирбей калды, мындан улам бажы багытында бир топ жоготуулар болуп жатат. 25-марттан тартып өзгөчө абалдын кириши менен салык жагынан да түшпөй калган жагдайлар орун алды.
“Бирок ага карабай, антикризистик пландын экинчи бөлүгүн иштеп чыгып жатканда, ишкерлерди салыктан толугу менен бошотуп салгыла, насыянын пайыздарынан толук бошотуп салгыла деген сунуштар айтылды. Биз экинчи тарапты да унутпашыбыз керек. Мисалы таптакыр салык түшпөй кала турган болсо пенсия, жөлөк пул, мугалим жана дарыгерлердин жана башка структуралардын айлыгын убагында төлөй албай калышыбыз мүмкүн. Албетте, ишкерлерге жардам беребиз, биз ал жагын түшүнүп жатабыз. Ошол эле учурда тараза бирдей болушу шарт”, - деди Э.Асрандиев.
Ал кошумчалагандай, май айында экинчи план жарыяланып, ага ылайык бекитилген программа боюнча иштер башталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн