Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бюджеттен дарыгерлерге компенсациялык төлөм үчүн 430 млн сом бөлүндү

06.08.2020 15:55
959
Бюджеттен дарыгерлерге компенсациялык төлөм үчүн 430 млн сом бөлүндү


 

Республикалык бюджеттен саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана оорунун очогу жайгашкан аймактарда иштөөгө тартылган жактарга 2020-жылдын июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө кошумча түрдө 430 млн сом бөлүндү.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чечим эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда жугуштуу оорулардын козгогучтарын жуктуруп алуунун жогорку деңгээлине байланышкан иштерди аткарган медициналык кызматкерлерге дем берүү максатында кабыл алынган.

 

Тиешелүү мыйзамдарга ылайык, Финансы министрлигинен белгиленген тартипте Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом суммасында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 400 млн сом суммасында каражат бөлүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн