Теке 06, 2024
Убакыт: 08:33
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Бюджетти колдоо үчүн сырттан 291,9 млн доллар түштү, - министр Б.Жеенбаева

23.06.2020 12:26
1177
Бюджетти колдоо үчүн сырттан 291,9 млн доллар түштү, - министр Б.Жеенбаева


Бүгүнкү күндө өлкөнүн бюджетин колдоо үчүн көрсөтүлгөн сумманын ичинен 291,9 млн АКШ доллары Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түштү. Бул тууралуу финансы министри Бактыгул Жеенбаева 23-июндагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, учурда чет элдик донорлор менен сүйлөшүү уланууда. 


"Жыл аягына чейин бюджетти колдоого Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан – 100 млн АКШ долларын тартып келүү пландалууда. Бул багытта донорлор менен сүйлөшүүлөр уланууда", - деди ал.  


Анын айтымында, өкмөт тарабынан 1-апрелден 22-июнга чейин Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинен 13,9 млрд сом социалдык маанилүү иш-чараларга сарпталган.  









Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн