Биздин бюджеттин 30 пайызын толтуруп келген мигрантар 10 миллион сомго эле татыдыбы?. Мындай суроону бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Исхак Пирматов койду.
“Биздин бюджеттин 30 пайызын толтуруп келген мигрантар 10 миллион сомго эле татыдыбы. Алар биздин бюджетти 30 жылдан бери толтуруп келет. Москва шаарына 6 миллион, Екатеринбург менен Новосибирск шаарына 3 миллондон эле бөлүндү. Алар батирлерине, күнүмдүк тамак-ашына акча таппай кыйналып жатат. Сизге кайрылган жокпу? Сиздерге ишенбей бизге кайрылып жатат. Аларды алдабай аба майданы май айында ачылабы ачыгын айтып койсок. Аларды чартердик каттам менен алып келебиз деп үмүттөндүрүп койдук”, - деди Пирматов.
Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев керек болсо дагы каражат бөлүп беребиз деген жооп узатты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн