Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

CAFA Nations Cup 2023: Кыргызстандык футболчулар ирандык командага утулуп калды

17.06.2023 00:10
1314
CAFA Nations Cup 2023: Кыргызстандык футболчулар ирандык командага утулуп калды


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын футболчуларына 1:5 эсебинде утулуп калды.


Эки өлкөнүн курама командалары борбор азиялык CAFA Nations Cup турниринин алкагында бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешти.

Атаандаштардын дарбазасына улуттук команданын жалгыз голун оюндун экинчи бөлүгүндө Мирлан Мурзаев киргизди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эми CAFA Nations Cup турнириндеги 3-орун үчүн кезектеги беттешти Ташкентте өткөрөт. Оюн 20-июнга белгиленген.

Эске салсак, аталган турнирдин алкагында 10-июнда "Ак шумкарлар" Афганистандын курамасына каршы оюн өткөрүп, беттеш 1:0 эсебинде кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн