Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

CAFA Nations Cup. Кыргызстандын футболчулары Оман менен 3-орун үчүн ойнойт

18.06.2023 12:36
1226
CAFA Nations Cup. Кыргызстандын футболчулары Оман менен 3-орун үчүн ойнойт


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойной турган болду. Бул тууралуу эл аралык мелдештин «A» тайпасынын жыйынтыктоочу оюнунда белгилүү болду.

CAFA Cup алкагында 17-июнда Ташкентте «A» тайпасында жыйынтыктоочу оюн күнүнүн алкагында Түркмөнстан-Оман жана Өзбекстан-Тажикстан беттештери орун алды. Бул оюндар Кыргызстан курамасынын турнирдин көңүл жубатуучу финалындагы каршылашын аныктамак.

Биринчи оюнда Оман курамасы 2-0 эсеби менен утса, экинчи беттеште талаа ээлери 5-1 эсеби менен өздөрүнө ишенимдүү жеңишти камсыздашты.

Ошентип, өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген Өзбекстан жана Иран курамалары финалда беттешет. Тайпада экинчи орунду камсыздаган Кыргызстан менен Омандун футболчулары турнирдин коло медалдары үчүн орун ала турган оюнда кез келет. Аталган беттеш 20-июнда Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда өтөт.

Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курама командасы күн мурун Ташкентке келип, оюнга даярдык көрө баштады.

Белгилей кетсек, «Ак шумкарлар» эл аралык мелдеште «В» тайпасында Афганистан жана Иранга каршы оюн өткөрдү. Алгач Афганистандын курамасын 1:0 эсебинде утса, Иранга каршы оюнда 1:5 эсебинде утулуп калды. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын январь айында старт ала турган Азия Кубогунда Оман курамасы Кыргызстандын тайпа боюнча атаандашы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн