Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:03
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Ч.Айдарбеков Азербайжандын элчиси Г.Оруджевди кабыл алды

14.06.2020 09:42
1257
Ч.Айдарбеков Азербайжандын элчиси Г.Оруджевди кабыл алды


Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Г.Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалдын контекстиндеги актуалдуу темалар, ошондой эле кыргыз-азербайжан кыматташтыгынын маселелери талкууланды.


Мамлекеттер аралык саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктарды активдештирүү, атап айтканда, жакынкы арада видеоконференция форматында тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи кыргыз-азербайжан консультацияларын өткөрүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн