Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ч.Айдарбеков Азербайжандын жаңы дайындалган тышкы иштер министрин куттуктады

22.07.2020 10:39
1288
Ч.Айдарбеков Азербайжандын жаңы дайындалган тышкы иштер министрин куттуктады


КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Азербайжан Республикасынын дайындалган тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Ч.Айдарбеков кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, кесиптик ишмердүүлүгүндө ага ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы деңгээлине канааттануу билдиришти, кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү арттыруунун мындан аркы жолдорун талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиктери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде, Түрк кеңешинин, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн