Турмуштун ачуусу бар, таттуусу бар,
Өмүрдүн узагы бар, кыскасы бар.
Жашоонун жазылбаган тизиминде,
Адамга тартуулаган кызыгы бар.
Эч кимге айта алгыс ичимдеги,
Тагдырдын башка салган арманы ал!
Өмүрдүн көбү бүтүп, азы калды,
Мезгилдин күзү кетсе, кышы барбы?
Көңүлүм музга айланып, жүрөк тоңсо,
Жашоомдун токтогону, токтогону...
(Бакай Апасовдун күндөлүгүнөн)
Бакай Апасов бош убактысында күндөлүк толтурганды көнүмүшкө айландырып алган. Эчен жылдан бери күндөлүккө гана ичиндеги ымандай сырын, жүрөгүн эзген бугун, тирүү жанга айткыс арманын жашырбай жазып келет. Ал анын жападан жалгыз муңдашы болуп калган. Мына ошол күндөлүк үй-бүлөлүк чоң чырга май тамызып, өзү менен түбөлүк дүйнөгө алып кетүүчү сырдын бетин ачып отурат.
Адаттагысындай күндөлүгү менен баарлашып бүткөн соң столундагы суурмага салып, кулптаганы кулптап, бирок, кашайып ачкычын калтырган бойдон келе бериптир. Жумушунда күнүмдүк иштер менен алпурушуп жүрүп, түш оой ачкычы оюна түштү. Шымынын, костюмунун чөнтөгүн аңтарып карады, портфелин тинтти, ачкычы эч жерден табылган жок. Жүрөгү жамандыкты сезгендей ордунан козголуп, бөтөнчө түрсүлдөп согуп, үйүнө шашыла жөнөдү.
Эртең менен эле мээ кайнатчудай чакчайып тийип турган күндүн ырайы бузулуп, асманды сур булут чулгап калыптыр. Бир убакта шамал ышкырып, кыямат келген сымал теребел бозоро түштү. Күндүн арты түнөрүп чыкты. Айланадагы жеңил нерселер самандай сапырылып учуп, көчөдөгү кишилердин аргасын кетирди. Арадан аз өтпөй өжөрлөнө жаан сабалап кирди. “Мерседес” үлгүсүндөгү унаанын маңдайкы айнеги шаркыратманын алдында калгандай эле туюлду. Жамгырдын суусун ары-бери айдаган тазалагычы жолду көрсөтүп жетише албай калып жатты. Мунусуна караганда жакында токточудай эмес, ак жаанга айланчудай түрү бар. Ошол учурда Апасовдун ичинде андан өткөн алай-дүлөй бороон уулуп жаткан. Жүрөгү кабынан чыкчудай согуп, куюп жаткан жаанга карабай унаасынын газын ныгыра басып баратты.
“Мерседесин” короого токтотуп, үйүнө жеткенче сыгып алма суу болуп, үшүгөнүнөн эрини титиреп чыкты. Бут кийимин чечип-чечпей иш бөлмөсүнө энтиге кирип барса жубайы Алмира кара тыштуу күндөлүктү окуп отуруптур. Күйөөсүн көргөндөн кийин көз айнегин столдун үстүнө коюп, колунун манжаларын акырын ушалап:
- Бакай Калканович, артыңыздан жоо кубалагандай не анчалык аптыгып? – деп какшык аралаш карады.
Сөзүнүн төркүнүн дароо түшүндү. Эмне кылаарын билбей, карбаластап калды...
Чыгарманы толук көчүрүү үчүн файлды басыңыз
Пикирлер (1)