Европанын эң престиждүү клубдары ойногон турнир Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычы жыйынтыкталды. 2021-2022 сезонунун эң чоң жаңылыгы атактуу Хави Эрнандес машыктырган Барселонанын тайпалык баскычтан чыкпай калышы болду. Алар акыркы беттеште бавариялык Мюнхенге ири эсепте утулуп Европа лигасында оюнун улантмай болду.
Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына чыккан клубдардын чүчү кулагы 13-декабрда өтөт.
"Аталанта" "Вильярреал" беттеши аба-ырайына байланыштуу 9-декабрга жылдырылды.
Төмөндө 1/8 финалга чыккан клубдар:
"Манчестер Сити" (Англия)
"ПСЖ" (Франция)
"Ливерпуль" (Англия)
"Атлетико Мадрид" (Испания)
"Аякс" (Нидерланды)
"Спортинг" (Португалия)
"Реал Мадрид" (Испания)
"Интер" (Италия)
"Бавария" (Германия)
"Бенфика" (Португалия)
"Манчестер Юнайтед" (Англия)
"Лилль" (Франция)
"Ред Булл Зальцбург" (Австрия)
"Ювентус" (Италия)
"Челси" (Англия)
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн