Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Түлөбердиев атындагы сейил бактын курулуш иштери аяктап калды (сүрөт)

13.04.2020 13:53
1022
Түлөбердиев атындагы сейил бактын курулуш иштери аяктап калды (сүрөт)


Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактын курулуш иштери 95 пайызга бүттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, парктын жолдору оңдолуп, электр жарыктары орнотулуп бүткөн. Эми 120 отургуч коюлуп жана Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулат. Мындан сырткары скейтборд сүйүүчүлөрү үчүн атайын аянтча курулат. 

 

Эске салсак, бүгүн, 13-апрелде Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев 98 жашка толмок. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дзотту көкүрөгү менен тосуп, баатырларча курман болгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн