Баш оона 22, 2025
Убакыт: 22:28
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү каза болгону расмий түрдө кабарланды

24.08.2023 08:40
2786
ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү каза болгону расмий түрдө кабарланды


Кулаган Embraer учагынын бортунда Евгений Пригожин менен Дмитрий Уткин болгон. Бул тууралуу Росавиация билдирди.


Embraer-135 учагы аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттын негизинде учуп жүргөнү такталган.


Росавиация Тверь облусунда кыйраган учакта болгон бардык жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялады, алардын арасында Евгений Пригожин менен ЧВКнын командири Дмитрий Уткин да бар.


Учакта ошондой эле Сергей Пропустин, Евгений Макарян, Александр Тотмин, Валерий Чекалов, Николай Матюсеев жана экипаждын үч мүчөсү: учактын командири Алексей Левшин, экинчи учкуч Рустам Каримов жана стюардесса Кристина Распопова болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн