Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чабалекейге атаандаш жашоо

04.09.2021 19:42
11949
Чабалекейге атаандаш жашоо


2004-жылдары абышкам экөөбүз чабалекейге окшоп чапмалап саман үй салганбыз. Күздө эптеп-септеп эки бөлмөсүн бүтүрүп кирдик. Анда балдарыбыз жаш.


Жазга чыгып кайра курулуш менен алектене баштадык. Үйдүн потологун жасап баштаганыбызда терезеси али бүтөлө элек бир бөлмөнүн шыбына чабалекей уя салып баштаганын көрдүк.


Абышкам экөөбүз карап туруп жакшылыкка жооруп кадимкидей кубандык. Эки чабалекей кууша учуп келип, кууша учуп чыгып кетишет. Бири тумшугуна ылай алып келсе, экинчиси саман тиштеп келип бүтүрүп жаткан уясынын тияк-быягына чыгып чурулдашат. Абышкам болсо кадимкидей алар менен атаандаш болуп алды.


Ал да күндө саман аралаштыра ылай жасап убара. Чабалекей уя салган үйдүн ремонтун толук токтотуп койдук. Жашоо уланып, чабалекейлер үч балапан чыгарышты. Бүтүндөй үй-бүлөбүз менен балапандар ооздорун ачып жем сураганына, ата-энеси оозунда бир нерселерди таап келишип балдарын баккандарына, балапандар темир канат болуп чоңоё баштаганына сарасеп салабыз.


Бир күнү бир балапаны жерге түшүп кетиптир. Үйдө абышкам жок эле. Кичүү кызым экөөбүз эшиктен шатыны сүйрөп кирип балапанды уясына койгончо эки чабалекей чурулдап башыбыздан айланып учуп жүрүштү.


Бир нече айдан кийин балапандар учуп башташты. Балдарым аларды көрүп чындап кубанышат, кичинекей неберем аларды “биздин чымчык” деп менчиктеп алган. Биринчи күндөрү балапандары кайсы, ата-энеси кайсы айрымалай алчубуз. Кийин тааныбай калдык. Балапандар кадимки эле чабалекейге айланып чоңоюп калышты.


Бир күнү кечинде бешөө тең үйдүн үстүн айланып аябай учушту. Анан биз отурган отургучтун тушундагы темир карагайдын зымына катар тизилип алышып уза-ак сайрашты.


Абышкам:

– Аа, жаныбарлар, эми учуп кетишет экен – деп койду.


Эртеси күнү жумуштан келсем уя аңгырап бош калыптыр.


Бир топ күнгө чейин үйдө бир нерсе жетишпегендей болуп жүрдүм. Алар уя салган бөлмөгө азыр эшик-терезе коюлуп калган.


Чабалекейлердин чурулдаган үнүн сагындым.


Азиза Абдирасулова, укук коргоочу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн