Чад өлкөсүнүн президенти Идрис Деби көтөрүлүшчүлөр менен согушуп жатып каза тапты. Бул тууралуу "ТРТ Хабер" билдирди.
Маалыматка ылайык, Деби өлкөнүн түштүк тарабында ар кайсы улуттун этникалык өкүлдөрүнүн көтөрүлүшүн басуу максатында алдыңкы катарда согушуп жатып жаракат алган. Кийин оор жаракаттан улам каза болгон.
Маркум президенттин ордуна анын уулу келе турганы айтылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн