Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чагылгандай өмүр сүргөн Жаныбек Жанызак

18.12.2020 11:27
929
Чагылгандай өмүр сүргөн Жаныбек Жанызак


Кыштын ызгаарына кошул-ташыл болуп саясий айдыңдагы окуялар жүрөк оорутуп турганда суук кабар селт эттирди. Кара сөздүн балбаны, Кыргыз демин, Кыргыз рухун  туу тутуп өмүр бою "Кыргызым" - деп күн кечирген айтылуу Жаныбек Жанызак акем акыретке аттанды...  Кайран киши... Балбан киши... Кыргыз Ө, Ү, Ң тамгаларын эң биринчи компьютерге салган киши.


Жакемди  көп адам түшүнгүсү келчү эмес... Анткени аларга "чындыкты  сыр найза  кылып көтөрүп акыйкаттын ак тулпарын"  минген Жакем өөн көрүнчү...


Башкасын айтпаган күндө да Жакем "бир короо" илимпоздор ишке ашырбаган жумушту аткарып "Кыргыз - совет энциклопедиясын" аалам төргө жападан жалгыз даярдап киргизгени эмне деген мээнет, эмне деген эрдик!


Аалам төргө "кыргыз гезиттеринин  айылын"  ачкан да Жакем болду.   Жаш курагы ойдо болсо да,  заманбап технологияларды көп адамдар Жакемен  үйрөнүп Жакемен кеңеш сураар эле.


"Жигитке жетимиш өнөр азык кылат" деген сөз Жакеме жарашчу. Бул адам бир эле мезгилде көп тил билген полиглот, котормочу, мугалим, жазуучу, дизайнер, фотограф, журналист, публицист,  басмачы жана кыш кынагандай ыр жазган акын да эле.


Жакем чыркыраган чындыкты  дайым тайманбай айтаар эле. Чындык маселесине келгенде, керек болсо өзүн да такыр аяган эмес. Баарын ачык айрым шардана кылып салар эле. Мындай сапат  аны биздин анткор коомдон өзгөчөлөнтүп, эрежеден "бир буту чыгып тургандай" таасир калтырчу.


Акыйкатында, чындык  ар убакта Жакем тарапта болчу.  Жакем бул жалганда аз өмүр сүрдү. Бирок, саз өмүр сүрдү. Чычаладай быкшып күйгөн жок. Чагылгандай чартылдап жашады. 


Жакем башкаларга окшоп "эл эмне дейт" деген "түрмөгө" түшкөн жок... Учкан куштай ээн эркин жашады...


Кош болуңуз, Жакем! Ажалга сизди ыраа көрбөй турам! Айла жок экен. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!


Бакай Абдымалик, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн