Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чала таанышын опузалап, ири суммадагы акча алганга шектүүлөр кармалды

16.06.2020 18:05
932
Чала таанышын опузалап, ири суммадагы акча алганга шектүүлөр кармалды

 

Бишкек шаарында чала таанышын опузалап, ири суммадагы акча алганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын Б.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган, себеби 2017-жылдын март айында Бишкек шаарынын Сүйөркулов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш адамдар коркутуу менен күч колдонуп 7000 АКШ долларын алып коюшкан (Улуттук Банктын ошол маалдагы курсу боюнча 484 820 сомду түзгөн).


Айтылган факт боюнча 203-берененин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.


Иликтөөлөрдүн натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы Ысык-Көл облусунун М.А. жана Б.Б. аттуу тургундары кармалган. ИИМдин КМКнын маалыматына караганда жогорудагы шектүүлөр уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турат.


Аларга карата 98-берененин негизинде иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо иштери жүрүп жатканы маалымдалат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн