Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

«Чалдовар»–«Сыпатай Батыр» чек ара пункту ачылды

09.06.2020 09:46
1154
«Чалдовар»–«Сыпатай Батыр» чек ара пункту ачылды


Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Чалдовар»–«Сыпатай Батыр» көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүгү кечээ, 8-июнда саат 12:00дөн тартып кайра жандандырылды. Бул тууралуу эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.

 

Анда Кыргызстандын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков бул боюнча жетишилген макулдашууну оң баалады. 

Ошондой эле ал казак тарапты ЕАЭБдин колдонуудагы ченемдерин сактоого чакырды.

Министр Ч.Айдарбеков жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн зарыл болгон санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо керектигин белгиледи.

 

Телефондон сүйлөшүүнүн аягында Кыргызстандын жана Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары маселелерди эки өлкөнүн профилдик органдарынын линиясы боюнча эки тараптуу негизде ыкчам түрдө чечүүнү макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн