Бүгүн, 10-июндан тарта Панфилов районунун аймагында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Чалдовар - унаажол” өткөрмө пункту жүк ташуучу автоунааларды коё бере баштады. Мамлкеттик чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча учурда Чүй облусунун аймагында “Чалдовар - унаажол” жана “Ак-Тилек унаажол”, Талас облусунун чек арасында “Чоң-Капка-унаажол” откөрмө пункттары иштеп жатат. Темир жол жүктөрү “Кайынды-темиржол” пункту аркылуу өткөрүлүүдө.
Ал эми эпидемиологиялык
кырдаалдын жакшыра баштагандыгына байланыштуу Казакстан Кыргызстан менен чек
арадагы бардык өткөрмө пункттарын ачууга даярданып жаткандыгы айтылууда. Мындай
пункттар эки өлкөнүн жалпы чек ара периметринде 20 деп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн