Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Чалып алайын деп телефон уурдап жүргөн жаран кармалды

Чалып алайын деп телефон уурдап жүргөн жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 24-мартта Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Окуя 19-мартта борбор калаадагы компьютердик клубдардын биринде болгон. Жаран башка адамдан чалып алуу үчүн телефонун сураган. Бирок  ага баасы 15 миң сом болгон телефонун кайтарып бербей качып кеткен. 


Алданган жаран милиция кызматкерлерине кайрылып, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен КЖБРне катталган.


Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1993-жылы туулган С.У.Э. кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Милиция кармалган адамдын ушул сыяктуу эки кылмышка тиешеси бар экендигин аныктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн