Бугу 07, 2024
Убакыт: 18:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Чалуулар кескин азайды: Жаңы вице-мэр 118 колл-борборунда болду

30.07.2020 13:39
1011
Чалуулар кескин азайды: Жаңы вице-мэр 118 колл-борборунда болду


Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева ишине киришип, биринчи күнү эле акимдердин орун басарлары жана 118 колл-борборунун операторлору менен кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, вице-мэр колл-борбордун операторлорунун иштѳѳ шарттары менен таанышты. Эскерте кетсек, борбордо күнү-түнү клиникалык ординаторлор, ѳз ыктыяры менен келген дарыгерлер иштеп, шаардыктарга Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча акысыз медициналык кеңеш беришет.


Операторлор чалуулар азайгандыгын, июль айынын башында күнүнѳ 5 миңге чейинки чалуулар болсо, азыр бир жарым миңден чалуу болуп жаткандыгын билдиришти.


Вице-мэр мындан ары чалуулар азая турган болсо, колл-борбор түнкү режимди сактоо менен тѳрт районго жайгаштырыларын билдирди.


Эскерте кетсек, ооругандардын саны кескин кѳбѳйгѳндүгүнѳ байланыштуу  118 ѳзүн-ѳзү диагноздоо борбору №2 мектепке ачылган.


«Ѳзүн-ѳзү диагноздоо 118 линиясы» долбоору Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы жана райондук акимиаттар менен биргеликте ишке ашырылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн