Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:15
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чарчабоонун ыры

30.09.2021 15:22
16557
Чарчабоонун ыры


Адамдар чарчайт. “Чарчадым!” дешет. Туура кылат. Чарчай тургандан чарчаш керек. Анткени чарчатчу нерселер болот. Анткени алар бир жактуулуктан, окшоштуктан, бурулушу жок, өйдөсү жок чеги да жок түздүктөрдөн, чексиздерден чарчашат. Кызыксыз болот алар, пайдасыз болот, а тургай зыяны тиет. Көрүшөт алар ошону. Ошондон чарчайт, демек алар бурулуш кылыш үчүн көнүмүштөн баш тартканы. Чарчабаса, жадабаса, баары бир болсо кете бермек. Кете бергендер да көп. А тургай адамзаттын көбүнчөсү ошентип кете берет. Чарчашпайт. Анткени ал чарчатпайт, аларды. Анткени ал жагат. Анткени ага өзү туура келет. Өзү аны туура көрөт. Жанга тынч. Малга тынч. Оокатка тынч. Ал да туура. Ал да бир жол. Ал да бир тагдыр. Чарчоонун бир маңызы ошол. Чарчай алгандар гана чарчайт. А калган жүз маңызын дагы далай чарчашып атып кеп кылабыз. Чогуулап. Адам, чарчоосун кээде ачыкка жарыя кылат. Көбү ичинен өзүнө-өзү жарыя кылат. Мына ушул – күрөш деген. Ар бир чечиминин алдында адам күндөгүдөн, өңгөдөн, мурдагыдан, көнүмүштөн сырткары чыгып, ичинен ашып-ташып, толкуп турат. Бул өзүнө бирде билинет, бирде билинбейт. Жаңы чечим дайым ошентип келет. Ошентип көз жарат. А көз жарыш оңой эмес. Чечимдер көз жарыш үчүн көбүнчө тарбия керек, билим керек, тажрыйба керек, ден соолук керек, эрк керек, анан барып биз айткан ичиңдеги күрөш – чарчооң керек. Азыр чечим көп. Азыр дегеним - азыркы жаңы заманда. Анткени ал чалкеш болуп атыр, бат өзгөрүп, тездик менен кубулуп атыр. Ар кимибиз өз терибиз, өз тирилигибиз менен алекпиз. А айланада баары айланып, өзгөрүүлөр, жаңылыктар болуп атыр. Так эле физиканын теңдемесиндей. Химиянын реакциясындай, идеялар, кубулуулар келип чыгууда. Ар түркүн, миң түркүн чечимдер ичинде, жүрөктөрдө, жан дүйнөдө, кагаз менен мыйзамдарда шакылдап чыгып атыр: жаштарда да, студенттерде, кызматкер, жумушчуларда, саясатта… жаш жубайларда… Жашоо үчүн, келечек үчүн болгон чечимдер. Айылга барсакпы, шаарда калсакпы же Россиялап кетсекпи? Же дагы чет өлкөбү?! деген. Ар бир чечимдин артында үй-бүлө туру, турмуш менен тагдыр туру. Баарысынын маңдайында, чекесинде суроо туру, кантип, кандай кылып, эмне кылып??? деген. Бул оңой эмес, жеңил эмес. Ошентсе да алар бир күнү чечишет. Антпесе болбойт. Дыйканда да ошондой: быйыл картөшкөбү же буудай баабы деген. Бизнесте да ошондой: бул келишим керекпи же жокпу деген. Саясатта да так ошондой: оң жээккеби же сол жээккеби? Эл мененби же жалгыз ажонун амири мененби деген. Чечимге жүрөк керек, жүрөккө бүткөн жал керек, тынч койбогон намыс керек, беттин кызылы же калыңы керек же жанга тынч “оңой жолдон” бөлөк эчтеменин, өзгөчөнүн кереги жок. Биз сезип сезбеген менен жаштарда Жаштык жалбырттап атыры, анткени курак ошондой: көчөдө, парктарда, жатакана алдында, окуу жайларда, кыштактарда, кыштакка бараткан жалгыз узун жолдордо... Кыз жигитке жооп кылып же баш тартып, сүйүүлөр бышкан болсо баш кошушуп, сүйүүлөр чарчаган болсо айрылышып атыры… Кубулуштун, табияттын курактын мыйзамдары иштеп атыры. Бул дагы, ушунун баары чечимдер. Сыртка чыккан же чыкпаган чоң-кичине, жеңил-оор, узун-кыска чечимдер. Биз чечим менен жашайбыз, чечимдер менен иш алгалайт, прогресс болот же туура эмес кадам менен адамдар жаңылышат, жазышат. Алыспы жакыныңа, досуң же тууганыңа калем кармап кат жазууга олтурганың – ал да чечим. Убакытты тапканың, башка бир убакыттан кечкениң – бул да чечим. Ошонун арты менен алар сага ыраазы болуп кубанышат же жазбасаң капа болуп таарынышат. Ошол үчүн, “Салам!” деп кат жазууга олтурганың өзү чоң чечим. Ал демек, миң тирликти унут да, жүрөктү ачып Жакыныңан кабар ал! Биз ушундай жарыштабыз. Жашоо деген!



Жеңишбек Эдигеев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн